Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Бишкекте Илья Терентьевдин үйүн оңдоо башталды


Илья Терентьевдин үйүнүн азыркы абалы.
Илья Терентьевдин үйүнүн азыркы абалы.

Бишкек шаарындагы тарыхый объектилердин бири болгон Илья Терентьевдин үйүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Терентьевдин үйүн оңдоп-түзөөгө 11 млн. сом каражат керектелип, курулушун “Дордой” ассоциациясы ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүүнү пландап жатканы айтылган. Терентьевдин үйүн оңдоо демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.

Илья Терентьевдин үйүнүн жанында “Дордой” ассоциациясынын спорт комплекси жайгашкан.

Ал турак жай XIX-XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналат. Тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Илья Терентьев 1848-жылы Ижевскиде устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар, жеке темир устаканалар, наабайканалар, соода дүкөндөрү ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаарда биринчи жолу эл каттоо өткөн.

Кара-Жыгач токою, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG