Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ак-Сайда карышкыр тиш салган келиндин абалы жакшы


Ак-Сай жайлоосунда жайылган топоздор. Архив.
Ак-Сай жайлоосунда жайылган топоздор. Архив.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө 22 жаштагы келинге карышкыр кол салып, ооруканага түштү. Учурда анын абалы жакшы экенин акимдин орун басары Болот Абдыжапаров «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Топозчунун аялы талаада тезек терип жүргөндө карышкыр кол салган экен. Колу-бетин тиштептир. Келин таш уруп, карышкырдан кутулуп кеткен. «Кында» чек ара бекетинен бул кабарды угаарыбыз менен түнү менен аны алып келип, ооруканага жаткырдык, азыр абалы жакшы», - деди акимдин орун басары.

Абдыжапаровдун айтымында, келиндин үч баласы бар.

Ак-Сай – Ат-Башы, Нарын районунун малчыларынын жайлоосу. Бул өрөөндө малчылар кышкысын дагы мал багып калышат.

Мамлекет 2016-жылдан бери карышкыр жана чөө аткандарга сый акы төлөп келет. Ага ылайык, 1 баш карышкырга 6 миң, ал эми 1 баш чөөгө 2 миң сом берилет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG