Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Бекешев: Жаңы курулуш тууралуу маалымат ачык болсун


Президент администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президент администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте президенттин администрациясы үчүн жаңы имаратты курууну колдой турганын билдирип, бирок ага чыгымдалган акча, инвестор сыяктуу маселелер ачык болушу керек экенин айтты.

Эл өкүлү Бишкекте 16 гектер жер абдан кымбат жана “мамлекеттен бир тыйын кеткен жок” деген сөзүн туура эмес деп эсептейт.

Бийлик 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирди. Бирок президенттин администрациясы жайгаша турган имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта, кайсы аймактан берилгени белгисиз.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу боюнча айтылган сындарга жооп берген. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жарыялап, анда “курулушка мамлекеттин акчасы кеткен жок” деп билдирди.

Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгына тиешелүү экени айтылган 16 гектар жер Бишкектин кайсы аймагында экенин, администрациянын имаратын салып бере турган инвесторлор тууралуу тактаган жок. Ушундан улам коомчулукта жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу суроолор көбөйдү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG