Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду


Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары. 15-апрель, 2022-жыл.
Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары. 15-апрель, 2022-жыл.

Мамлекеттик тарых музейинде 15-апрелде “Жусуп Абдрахманов - кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү” аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачары болду.

Бул тарыхый тасманынын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жазып, фильмге Мырзабек Айдаралиев режиссёрлук кылган. Тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун ата-теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары чагылдырылган. Ошондой эле Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү көрсөтүлүп, белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер ал жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришкен.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго былтыр “Кыргыз Республикасынын баатыры” жана “Ак Шумкар” ордени берилген.

Быйыл президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG