Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Орусия Украинаны Брянск облусун аткылады деп айыптады


Брянск облусундагы аэропорт. 6-апрель 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Брянск облусундагы аэропорт. 6-апрель 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Брянск облусунун бийлиги Климово кыштагы аткыланганын жана бир нече тургун жарадар болгонун 14-апрелде билдирди. Облус губернатору Александр Богомаз бул үчүн украин куралдуу күчтөрүн күнөөлөдү. Анын айтымында, эки турак жай жабыркаган. Жергиликтүү оорукананын өкүлү жети киши жараат алганын, арасында бала жана кош бойлуу аял бар экенин ТАСС агенттигине маалымдаган.

Орусиянын Тергөө комитети кийинчерек айылга украиналык эки тик учак сокку урганын жана кылмыш ишин козгогонун билдирди. Климово Украина менен чек арага 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан.

Социалдык тармактарда белгисиз бир имарат өрттөнүп жатканы тартылган видео пайда болду. Ал качан жана кайда тартылган беймаалым.

Ушул эле күнү Белгород облусунун бийлиги украин тарап Сподарюшино айылын аткылаганын, эч ким жабыркабаганын айтты.

Киев бул малыматтарга комментарий берген жок.

Шаршембиде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Украина орус аймагына ок чыгарууда деп айыптаган. Анын айтымына, мындай аракеттер улана турган болсо, анда Орусия "чечим кабыл алуу борборлоруна", анын ичинде Киевге сокку урушу мүмкүн экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG