Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Медведев Финляндия жана Швеция НАТОго кошулса, колдонулчу чараларды айтты


Дмитрий Медведев жана Владимир Путин. Москва, 22-июнь 2017-жыл.
Дмитрий Медведев жана Владимир Путин. Москва, 22-июнь 2017-жыл.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Финляндия жана Швеция НАТОго кошулса, "Балтиканын өзөктүк куралдан эркин аймак деген макамы тууралуу сөз кылууга болбой калат" деп билдирди. Бул тууралуу мурдагы президент 14-апрелде Телеграм-каналына жазды.

Анын айтымында, "Орусиянын расмий катталган душмандары көбөйөт", андыктан өлкөгө Финляндия булуңундагы аскерлерин күчтөндүрүүгө, кошумча бөлүктөрдү жайгаштырууга туура келет.

Орус расмий адамдары буга чейин эки өлкөнүн альянска кошулуу ыктымалдыгына терс реакциясын билдирип келгени менен, Медведев Москванын конкреттүү кадамдары тууралуу биринчи болуп айтты.

Алдыңкы күнү Финляндиянын премьер-министри Санна Марин Хельсинки "жакынкы жумаларда" НАТОго кошулуу багытында кадам ташташы мүмкүн экенин билдирген. Швециянын өкмөт башчысы Магдалена Андерссон Орусиянын Украинага басып киришинен кийин анын өлкөсүндө да ири саясий өзгөрүү күтүлүп жатканын, азыркы коопсуздук кырдаал талкууланарын белгиледи. Буга чейин Швеция дагы альянска кирүүнү караштырып жатканы кабарланган.

Орусия Украинага кол салгандан бери аскердик блокторго кошулбоо саясатын жүргүзүп келген эки өлкөдөгү коомдук пикир кескин өзгөрүп, көбү НАТОго мүчө болууну колдоп калышты.

Айрым маалыматтарга караганда, Хельсинки жана Стокгольм ушул жайда арыз тапшырышы ыктымал.

Орусия менен 1 миң 340 чакырым чек араны бөлүшкөн Финляндиянын мыйзам чыгаруучулары апта соңунда НАТОго кошулуу маселесин атайын баяндама жарык көргөндөн кийин талкууламакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG