Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

БУУнун агенттиги Иранда жаңы өзөктүк цех ишке кирип жатканын айтты


Натанц ишканасы. 17-апрель, 2021-жыл.
Натанц ишканасы. 17-апрель, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги сыр докладында Ирандын Натанц өзөктүк жайында жаңы цехти ишке киргизип жатканын билдирди.

Агенттиктин отчетунда айтылгандай, ал жерде уран байыткан центрифугалардын тетиктери чыгарылмакчы. Reuters басылмасы бул үчүн жакында Караждагы заводдон жабдуулар алынып келгенин жазды.

Reuters өз булагына таянып, "Тегеран өндүрүш 13-апрелде башталып жатканын БУУнун мекемесине ошол күнү эле кабарлаган" дейт.

Жаңы өндүрүш тууралуу жаңылык Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ ) 2015-жылкы келишимди жандандыруунун үстүнөн иштеп жаткан маалда тарады. Ал документке ылайык, Ислам жумурияты өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.

Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран ошондон кийин бул жааттагы ишмердигин жанданта баштаган.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген. Бул максаттагы көп тараптууу сүйлөшүүлөрдө алга жылуу байкалганы айтылганы менен, айрым маселелер боюнча мунаса табыла элек.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран программа тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө. (АА)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG