Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Нарын менен Ысык-Көлдө үрөн таңкыстыгы жаралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 14-апрелде президенттин облустагы өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында айтылды. Анда Айыл чарба министрлигине Ысык-Көл менен Нарын облустарын керектүү өлчөмдөгү үрөн менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 14-апрелге карата беш миң тоннага жакын үрөн аймактарга бөлүштүрүлүп берилди. Казакстандан гуманитардык жардам катары миң тонна буудайдын үрөнү алынды. Эми Орусиядан 160тан ашык вагондо алынып келинери айтылды.

Жалпысынан беш миң тонна жер семирткич аймактарга жеткирилди.

Мунун алдында Улуттук статистика комитет ушул жылдын 23-мартына карата Кыргызстанда жалпысынан 78 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин айдалганын, бул өткөн жылга салыштырмалуу 26% аз экенин билдирген. Мекеме муну өлкөдөгү туруксуз аба ырайы менен байланыштырган.

Жазгы талаа жумуштарынын 50,4% Чүй облусуна туура келет. Ош облусу 28%, Баткен 12,2% жана Жалал-Абад облусунда 8,2% жетет.


Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Өлкө анын үчөөсүн – картөшкө, сүт жана жашылча менен гана толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташып, маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатып келет.

Министрлер кабинети март айынын аягында мамлекеттик банктарга агро өнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG