Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

“Манас айылынын” жерин басып алуу аракети болуп жатканы айтылды


“Манас айылы”.
“Манас айылы”.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылды.

Ал 12-апрелде “Ысык-Көл” мейманканасын бузуу иштерин аткарып жаткан компаниянын кызматкерлери келип “Манас айылынын” тосмолорун талкалаганын айтты.

Бул маселени Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо да көтөрүп, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.

“Мен буга чейин “Манас ордо” боюнча да маселе көтөргөм. Азыркыга чейин кат аркылуу да жооп келе элек. “Манас ордодо”, “Манас айылында” чыр болбош керек. Баскынчылык болбош керек. Астейдил мамиле кылалы”, - деди депутат.

Комплекс 1998-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагына өткөрүлүп берилген. Ушул тапта “Манас айылы” комплексинин абалы начар. Аны куруу иштери 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

“Манас айылынын” айланасындагы акыркы окуялар боюнча Министрлер кабинети комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG