Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Жапаров: мөөнөтүм бүткүчө чек ара маселесин чечүү ниетим бар


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы чыр-чатак боюнча 13-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды. Ал өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирди.

“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, - деп жазды Садыр Жапаров.

Президент сөз эркиндиги деген шылтоо менен жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгач 12-апрелде Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде, 13-апрелде ок атышуу болгон Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени кабарланган. Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга келип такалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG