Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

Орусия согуш ачкандан бери мамлекеттик медианы каржылоону көбөйттү


"Россия -1" теле каналынын берүүсүнөн кадр колдонулган коллаж
"Россия -1" теле каналынын берүүсүнөн кадр колдонулган коллаж

Орусия Украинага согуш ачкандан бери орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарына кеткен чыгым кескин көбөйдү. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы Финансы министрлигине шилтеме берип жазды.

Статистикага караганда, ушул жылдын үч айында маалымат каражаттарына дээрлик 17,5 миллиард рубль (болжол менен 212 миллион доллар) бөлүнгөн. Былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда, бул үч эсеге көп. Анын 12 миллиарды мартта эле жумшалган.

The Moscow Times жазгандай, быйыл маалымат каражаттарына 115 миллиард рубль бөлүнмөк. Анын 29 миллиарды RT мамлекеттик каналын башкарган “ТВ-Новости" коммерциялык эмес уюмга, 25 миллиарддан ашыгы Бүткүл орусиялык теле радио корпорациясына (ВГТРК) жумшоо каралган.

Украинага басып кирген 24-февралдан бери Орусияда цензура күчөдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн баштап Роскомнадзор армиянын согуштук аракеттери тууралуу маалыматтарды алып салууга көрсөтмө берип, бийлик көз карандысыз жергиликтүү жана чет өлкөлүк басылмалардын, арасында Радио Свободанын, DW, Би-би-си, "Медузанын” сайттарын жапкан. “Дождь" телеканалы блоктолгондон кийин өз ишин токтотконун билдирген, “Эхо Москвы” радиосу жабылып калды. “Новая газета" эки ирет эскертүү алгандан кийин ишмердигин убактылуу токтотту.

Орус армиясынын аракеттери тууралуу жалган маалымат таратуу жөнүндөгү жаңы мыйзамдын алкагында бир нече журналистке каршы кылмыш иштери козголду.

Москва кошуна өлкөгө кол салууну "атайын операция" деп атап, согуш деп айтууга тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG