Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды


Өмүрбек Текебаев жана Маркус Бирхер.
Өмүрбек Текебаев жана Маркус Бирхер.

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча эки өлкөнүн ортосунда меморандум түзүү пландалып жатат. Бул маселе 12-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер менен жолугушууда талкууланды.

Өмүрбек Текебаев ушул тапта кыргызстандыктарды Германияга жумушка тартуу менен 12ге жакын жеке компаниялар иштеп жатканын айтып, кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.

Маркус Бирхер Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш экенин айтты. Ал жумушка кириш үчүн немис тили, кесиптик диплом талап кылынарын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG