Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Статком: жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу аз айдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын 23-мартына карата Кыргызстанда жалпысынан 78 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин айдалды. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 26% аз. Статком муну өлкөдөгү туруксуз аба ырайы менен байланыштырды.

Жаздык арпа эгилген аянт 79,4%, жаздык буудай 69,3%, картөшкө 68%, көп жылдык чөптөр 61,2%, жашылчалар 50,2% жана май өсүмдүктөрү 44% түздү.

Жазгы талаа жумуштарынын 50,4% Чүй облусуна туура келет. Ош облусу 28%, Баткен 12,2% жана Жалал-Абад облусунда 8,2% жетет.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Өлкө анын үчөөсүн – картөшкө, сүт жана жашылча менен гана толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташып, маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатып келет.

Министрлер кабинети март айынын аягында мамлекеттик банктарга агро өнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG