Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

ИИМ камактагы блогер өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын ырастады


Батмакан Жолболдуева
Батмакан Жолболдуева

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылып, билегин кескенин ырстады.

“Белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. "Тез жардам" кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди”,-деди “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Буга чейин адвокат Назгүл Сүйүнбаева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында Жолболдуева өз жанын кыйууга аракет кылып, колунун тамырын кескенин билдирген.

Милиция аларга Арзыгүл Галымбетова 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген. Бирок мындан көп өтпөй эле журналист каза болгон.

Анын өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Өткөн айда Жолболдуева президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG