Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Русланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Русланбек Акматалиев билдирди. Анын ырасташынча, президент Садыр Жапаров аны Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясынын башчысы кылып 12-апрелде дайындады. Акматалиев шейшембиде долбоорго инвестиция салууну көздөгөн франциялык үч компаниянын өкүлдөрү менен мамлекет башысы жолугуп, демилгелери менен таанышканын билдирди.

"Биз азыр француз инвесторлору менен Ысык-Көлгө келип шаар курулат деген жер менен таанышып жатабыз. Франциядан “Финантреп Аспир”, “Меркюро” жана “МЕДЕФ” компаниясынын өкүлдөрү келди. Биз алар менен Асман шаарын куруунун алгачкы этабына беш миллиард долларлык келишимге койдук. Алар жалпысынан 20 миллиард доллар бөлүп берүүгө даяр", -деди Акматалиев.

Ал буга чейин “Асман” шаарын куруу дирекциясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

Дирекциянын буга чейинки башчысы, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган ишкер Тимур Файзиев бул кызматка быйыл жыл башында дайындалган. Ага чейин анын аты жер сатууга байланыштуу кылмыш иштерде аталып, убагында издөө дагы жарыяланган.

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна "Асман" деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Анда “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болот" деп айтылган.

Бирок бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, "Асман шаарынын курулушуна жол жок" деп аталган кыймыл түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG