Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Алимбаев чек арада ок атышуу токтогонун айтты


Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы ок атышууга байланыштуу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода сүйлөштү.

Ал өзү "Азаттыкка" билдиргендей, ок атуу толугу менен токтоду. Чек арага жакын кыргыз айылдарындагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жарадар болгон чек арачыРаззаков шаарындагы Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

"Азыр Лейлек районуна жөнөдүм. Ал жакта Ттжикстандык кесиптештер менен жолугуп, ишти өз жолуна салышка аракет кылабыз. Баткен районунда абал тынч. Райондун акими Тажикстандын Исфара районунун башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул жакта абал өзгөргөн жок",-деди Алимбаев.

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы октон жараат алганын кабарлады. Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылап, кийинчерээк ал токтогону кабарланган.

Ок атышууда тажикстандык 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жеке булактарына таянып “Азаттыктын" тажик кызматы жарыялады. Бирок Тажиктандын бийлиги окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Алимбаев: Чек арадагы ок атышуу толук токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG