Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Бишкекте Украинага гумжардамдын биринчи партиясы чогултулду


Украинага гуманитардык жардам Биринчи балдар хосписинде чогултулууда.
Украинага гуманитардык жардам Биринчи балдар хосписинде чогултулууда.

“Жардам берүү оңой” (“Помогать легко”) коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева Бишкекте Украинага гуманитардык жардамдын биринчи партиясы чогултулганын билдирди.

Ал Кыргызстандын балы, азык-түлүк, жылуу жууркан-төшөктөр жана башка керектелүүчү буюм-тайымдар жыйналганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жүктү Украинага Варшава аркылуу жеткирүү пландалып жатат.

Динара Аляева гуманитардык жардам чогултуу дагы улантыларын айтты. Жардам берүүнү каалагандар Бишкектин Жаш Гвардия 71а дарегинде жайгашкан Биринчи балдар хосписине кайрылса болот.

Буга чейин март айынын башында айрым активисттер “Жаша Украина” деген аталыштагы акчалай жардам чогултуу өнөктүгүн баштаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG