Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:56

Казакстандын прокуратурасы Январь окуяларына аралашкан кылмыш топторун атады


“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.
“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Елдос Килымжанов 11-апрелде өткөн брифингде Январь окуяларына 12 кылмыштуу топ катышканын айтты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

"Атайын прокурорлор башаламандыкка 12 кылмыштуу топ катышканын аныктады. Алардын арасында "Дикий Арман" деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиев, "Айшуак-Жантугел" жана башка топтор да бар. Кылмыш топторунун 23 мүчөсү, төрт "авторитет" камакка алынды"-деди Елдос Килымжанов.

Ал ошондой эле 547 кишиге "жапырт башаламандык уюштурду" деген айып тагылып, алардын 269у камакта экенин кошумчалады.

Башкы прокуратуранын өкүлү андан тышкары Алматынын аэропрортунун күзөт бөлүмүнүн башчысы "кызматтык милдетин аткарбай, аэропортту күзөтсүз калтырып, басып алганга жол бергени" үчүн кармалганын билдирди.

Быйыл жыл башында Казакстанда болгон башаламандыкта он миңге адам кармалып, кеминде 230 адам көз жумганы расмий кабарланган. Окуяны Акордо "террордук акт" деп атаган жана президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга "20 миң согушкер" кол салганын айткан. Анткен менен бийлик "террордук актынын" эч кандай далилин көрсөткөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG