Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Берлускони Путинден "катуу көңүлү калганын" айтты


Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони
Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони Украинадагы согушка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинден “катуу көңүлү калганын” айтты. Бул тууралуу ал ишембиде тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн учурда билдирди.

“Азыр өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп, бейтарап болуп келген Украина өтө катуу агрессияга дуушар болууда. Орусиянын Украинага каршы ачкан чабуулу аны Кытайдын колуна салып берди. Өкүнүчтүү. Бүт дүйнө жүзүнүн алдында жоопкерчиликти өз колуна алган Владимир Путиндин жүрүм-туруму мени капалантып, катуу көңүлүмдү калтырды”, - деген Берлускони.

il Giornale басылмасы жазгандай, Берлускони Киев облусунун Буча шаарчасында “кадимки эле аскердик кылмыш жасалган жана Орусия ал үчүн жоопкерчилигин тана албайт” деген.

Буга чейин Италиянын миллиардери Орусия Украинага бастырып киргенден бери "конфликттин өнүгүшүнө тынчсызданып" жатканын билдиргени менен, өз сөзүндө Владимир Путиндин атын бир атаган эмес.

Берлускони Путинди өзүнүн досу катары эсептерин айтып келген. Акыркы жолу орус президенти Берлусконини 2021-жылы сентябрда туулган күнү менен куттуктаган соң, ал Путинди “эл аралык аренадагы акыркы чыгаан лидер” деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG