Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:33

Украина: Бузовада жай тургундар көмүлгөн жапырт көрүстөн табылды


Жай тургундар көмүлгөн жапырт көрүстөн. Бузова айылы, Украина. 10-апрель, 2022-жыл.
Жай тургундар көмүлгөн жапырт көрүстөн. Бузова айылы, Украина. 10-апрель, 2022-жыл.

Украинанын борбору Киевдин түндүк тарабында жайгашкан Бузова айылында ондогон жай тургундардын сөөгү көмүлгөн жапырт көрүстөн табылды. Бул тууралуу Бузова айылы кирген Дмитровка айылдык аймактын башчысы Тарас Дадич кабарлады.

Сөөктөр май куюучу жайдын жанына көмүлгөн.

Дадичтин айтымында, мындан тышкары жай тургундардын сөөктөрү аткылоого туш болгон автоунаалардын ичинде да табылган. Көз карандысыз булактар бул маалыматты тастыктай элек.

“Биз азыр кайрадан жай турмушка көнүп башташыбыз керек, бирок оккупация учурунда көп жарандарыбыздан айрылдык”, - деди Дадич жергиликтүү телеканалга берген маегинде.

Борбор калааны курчоого алуу аракети ийгиликсиз аяктаган соң Орусиянын аскерлери жакында эле Киевдин аймагынан чыгып кеткен.

Ушул күнгө чейин БУУ 1700 жай тургундун өлгөнүн тастыктаган. Иш жүзүндө жоготуулардын саны андан да көп экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG