Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Орусияда эл аралык 15 уюмдун өкүлчүлүктөрү жабылды


Орусиянын Юстиция министрлиги чет элдик бейөкмөт уюмдун 15 филиалы менен өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу чечим чыгарды.

Тизмеде Amnesty International, Human Rights Watch, Эл аралык Карнеги фонду жана "Эркиндик үчүн Фридрих Науман" фонддору дагы бар.

"Бул уюмдар Орусиянын мыйзамдарын бузгандыктан чыгарылды", - деп билдирди Орусиянын Юстиция министрлиги.

Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш башталгандан бери орусиялык жарандык коомго кысым күчөдү. Айрыкча, Роскомнадзор окуяларды тең салмактуу чагылдырууга аракет кылган орусиялык маалымат каражаттарынан аларды өчүрүүнү талап кылып, “согуш” деген сөздү колдонууга тыюу салды.

16-мартта Орусия Европа кеңешинен чыгарылган. 7-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны Адам укуктары кеңешинен чыгаруу сунушу колдоо тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG