Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Краматорск вокзалындагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 50гө жетти


Краматорск вокзалынын айланасындагы көрүнүш, 8-апрель 2022-жыл.
Краматорск вокзалынын айланасындагы көрүнүш, 8-апрель 2022-жыл.

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалын бутага алган ракета чабуулунан каза тапкандардын саны 50 кишиге жетти. Алардын арасында беш бала бар экенин 8-апрелде Донецк облусундагы аймактык аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди.

Ал Орусиянын бул чабуулунун курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн, жаракат алган жүздөй адамдын арасында 16 өспүрүм бар экенин Телеграмга жазды. Буга чейин украин өкмөтү вокзалга эки ракета тийгенин билдиришкен.

Президент Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундарды атайылап бутага алганын айтты. Краматорсктогу чабуулду бир катар дүйнө лидерлери айыптап чыгышты.

"Жайкын тургундардын маанилүү инфраструктурасына сокку уруу – бул согуш кылмышы. Бул ракеталар гуманитардык баш калка издеген адамдарга каршы багытталган", - деди Улуу Британиянын Коргоо министри Бен Уоллес.

Украинанын чыгышындагы Краматорсктун мэри Александр Гончаренконун айтымында, чабуул болгон маалда вокзалда коопсуз жерге чыгып кетүүнү көздөгөн 4 миң киши болгон.

Украин бийлиги орус тарап "Точка-У" ракетасын колдонгонун билдирип жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чыгышына урулган бул соккуга тиешеси жок экенин маалымдады.

Орусия Украинага 24-февралда басым кирген. Буга чейин украин өкмөтү орус күчтөрү Донбасс аймагына чабуул коюуга камданып жатканын билдирип, өлкө чыгышында жашаган калкты коопсуз жерлерге көчүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG