Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Песков Украинадагы согушта Орусиянын олуттуу жоготууларын моюнга алды


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Sky News телеканалына берген маегинде "Украинадагы аскерий аракеттерде Орусиянын өздүк курамы олуттуу жоготууларга учураганын" билдирди. Ал курман болгондордун так санын атаган жок.

Украинанын айланасындагы кырдаалга токтолгон Песков өлкө 2014-жылы Майдандагы окуялардан кийин өзгөргөнүн белгиледи. Муну ал “мыйзамсыз төңкөрүш” деп атаган. Песковдун белгилешинче, ошондон кийин Украина "антиорусиялык" болуп калды. "Ал жакта болгондун баары биздин өлкөгө каршы багытталган", - деп кошумчалады Орусия президентинин басма сөз катчысы.

Жоготуулардын санын эске алганда согуш Орусия үчүн кемсинтүү болдубу деген суроого жооп берип жатып, Песков журналист окуяларды туура эмес түшүнгөндүгүн белгиледи.

Жакынкы күндөрдө же жакынкы келечекте Украинанын аймагындагы "атайын операция" өз максатына жетет же сүйлөшүүлөр аркылуу бүтөт деген үмүтүн билдирди.

25-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштук аракеттердин жүрүшүндө 1351 орус аскери набыт болуп, дагы 3825и жарадар болгонун билдирген. Ошондон бери Кремл өз жоготууларын айта элек. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус тараптын жоготуулары 18 600 адамды түздү.

Украина өз аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Орусиянын Коргоо министрлиги марттын аягында кеминде 14 миң украин аскери набыт болгонун айткан. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан шартта тараптардын жоготуулары тууралуу маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан ашуун убакыттан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

БУУнун маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан кийин Украинада 1563 адам каза тапты, анын 130 балдар. 2213 адам жараат алган, алардын 188 балдар. Докладда айтылгандай, адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына ракеталык аткылоо, абадан сокку уруу, анын ичинде жардыргычтарды колдонуу себеп болгон. Уюм жайкын тургундардын арасындагы курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп экени айтууда. БУУнун эсебинен согуштан улам 11 млн. адам үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG