Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында көңүл айтуу акциясы өттү


7-апрелде Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандык активисттер көңүл айтуу акциясын өткөрүштү. Катышуучулар согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, элчиликтин алдына гүл коюшту. Алардын алдына элчи Валерий Жовтенко чыгып, ыраазычылык билдирди.

Бишкекте буга чейин да Украинага тилектештик билдирген тынчтык митингдери уюштурулган, ага катышкан айрым активисттерди милиция кармап, кээ бирлерине айыппул салган. Ошол эле учурда Орусияны колдогондордун да түрдүү акциялары өткөрүлүп келатат.

Сот Бишкекте Орусия-Украина согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акцияларды өткөрүүгө 1-апрелден 1-июлга чейин тыюу салган.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Алты жумадан ашкан согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, миллиондогон украин жараны үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG