Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Будапешт. 6-апрель, 2022-жыл
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Будапешт. 6-апрель, 2022-жыл

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди.

Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат.

Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты.

Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен.

Европа Биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан Москванын талабына баш ийбесин айтып келатат.

6-апрелде Венгриянын тышкы иштер министри газ келищими эки өлкө ортосунда түзүлгөнүн, биримдиктин “эч кандай ролу” жоктугун билдирген.

Евробиримдиктин мүчөлөрү газдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат. Ушу тапта блок Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин талкуулап жатат.

Шаршембиде Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел билдиргендей, пакет көмүр импортуна тыюу салат.

"Менимче, эртедир кечтир, мунай, атүгүл газга эмбарго салууга туура келет”, - деди ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG