Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Зеленский Орусияга каршы чара көрүүдө чечкиндүү болууга чакырды


Владимир Зеленский  Буча шаарында. 4-апрель 2022-жыл
Владимир Зеленский  Буча шаарында. 4-апрель 2022-жыл

Украина президенти Владимир Зеленский 6-апрелде Ирландиянын парламентине жасаган кайрылуусунда Орусияга каршы санкцияларды кабыл алуу үчүн чайпалууга убакыт жок деп билдирди. Президент "украиналыктар башынан кечирген окуялар, орус армиясы жасаган иштерден кийин чечкиндүүлүктүн жоктугуна мындан ары чыдабай турганын" айтты.

Зеленскийдин айтымында, "айрым лидерлер азыркыга чейин финансылык жоготуулар согуш жана согуш кылмыштарына караганда оорураак деп эсептешет”.

Орус армиясы чегингенден кийин Украинанын кээ бир шаарларында, анын ичинде Бучада жүздөгөн карапайым кишинин сөөктөрү табылганы тууралуу маалымат чыккан соң Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөтөрүн билдиришкен.

Москва орус аскерлери жай тургундарды өлтүргөн деген кабарларды "калп" жана "чагым" деп атап келатат.

Европа Биримдиги санкциялардын 5-пакетин талкуулап жатат. 6-апрелде Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель: “Жаңы пакет көмүр импортуна тыюу салууну камтыйт. Менимче, эртедир кечтир, мунай, атүгүл газга эмбарго салууга туура келет”, - деп билдирди.

Шаркеттин айрым өлкөлөрү, өзгөчө Германия экономикасына терс таасирин тийгизет деп, орус мунайы менен газынан баш тартууга анча көнбөй келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG