Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:31

Жапаров казак президентинен чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүндү


Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына чечүүнү өтүндү. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарга тапшырма бере турганын билдирди.

Кыргызстан Казакстанга кургактагы чек араларды ачууну биринчи жолу сурап жаткан жок. Ушул жылдын март айында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда ушундай эле өтүнүч менен кайрылган.

Эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттери коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын жаз айынан бери жабык турат. Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 6-апрелде телефон аркылуу сүйлөштү. Токаев президент Садыр Жапаровду "Центерра" компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады.

Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга 4-апрелде кол коюлган. Садыр Жапаров Кыргызстан алтын кенине эми толук ээлик кыларын жарыялап, Торонтодогу "Центерра Голд" дагы бул маалыматты ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG