Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

“Кыргызстан” банкы Москвадагы өкүлчүлүгү тууралуу түшүндүрмө берди


"Кыргызтан" коммерциялык банкы. Бишкек
"Кыргызтан" коммерциялык банкы. Бишкек

Аталган банктын маалыматына караганда, Москвадагы өкүлчүлүк ушул жылдын февраль айында ачылган. Анда кыргыз мигранттарына жана Кыргызстанга миграцияга кете турган Орусиянын жарандарына консультациялык кызмат көрсөтүлөт.

VISA картасын чыгаруу жана берүү резидент эмес, кардардын Кыргызстандагы кеңсесине өзү келген учурунда гана ишке ашат. Ал үчүн Улуттук банктын да талаптары аткарылышы абзел.

"Кыргызстан" банкы мындай тажрыйба Грузия баштаган бир катар өлкөлөрдө колдонуларын эске салган.

Бул билдирүүгө чейин Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы "Кыргызстан" коммерциялык банкы VISA карталарын чет өлкөдө иштеген орус жарандарына өлкөдөн чыкпай туруп берүүгө даяр экенин жазып чыккан.

Маалыматта "алтын картаны" Москвадагы кеңседен 17,5 миң рублга алса болору, сумманын 5,5 миң рубли картаны чыгарууга, калган 12,5 миң рубли жылдык тейлөөгө коротулары айтылган.

Эл аралык VISA жана Mastercard төлөм системалары Орусиядагы ишин 10-марттан тарта токтоткон. Орус банктары чыгарган МПС карталары өлкөнүн ичинде гана жарактуу.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG