Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Кумтөр: Рекультувациялык фонддогу 53 млн. доллар Кыргызстандагы банктарга депозит катары салынат


Лондондогу Рекультивациялык фонддогу 53 млн. доллар Кыргызстанга берилет.

Ал сумма Улуттук банкка келип түшөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Бул каражатты мамлекеттин карамагындагы банктарга депозит катары салуу пландалууда.

"Фонддо турган акча кен иштетилип бүткөндөн кийин рекультивация иштерине жумшалмак. Бул акча башка банкта турганы үчүн бөлөк жактын экономикасына иштеп турган. Ал сумма эми биздин Улуттук банкка келип түшөт, биз аны толук мамлекеттин карамагында болгон банктарга депозит катары салып, экономикага чоң түрткү беребиз деген пландарыбыз бар", - деди өкмөт башчы.

Каражат качан Кыргызстанга кайтарылары айтылган жок.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. 2022-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенинен 500 млн. доллар киреше алууну пландап жатканын кошумчалаган.

Жапаров элге кайрылып жаткан кезде “Центерра” компаниясы да Кыргызстан менен түзүлгөн келишим тууралуу пресс-релизди жарыялады.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы айыптоолорго макул болбой, кыргыз бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы келишимдин негизинде эки тарап тең бардык доолордон баш тартууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG