Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

УКМК кылмыштуу топтун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалганын маалымдады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү адам уурдоо жана опузалоо фактысына шектелип кармалганын 4-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин атайын кызматка жергиликтүү тургун кайрылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү инисин уурдап кетип, ижарага алган батирде кармап турганын айткан. Алар “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар экени кабарланган.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (“Кун төлөп берүү же башка жеке кызыкчылык үчүн адамды уурдоо”) менен каттоого алынган.

2-апрель күнү кылмышка шектүү эки адам кармалып, УКМКнын абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Беш жылга эркинен ажыратылган “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү Чыңгыз Жумагулов 2021-жылдын 10-июлунда абактан чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирген. Ал эки адам менен башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлүмгө жеткире сабагандыгы үчүн камакка алынган.

40 жаштагы Чыңгыз Жумагулов кримтөбөл делген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени айтылып келген. Ички иштер министрлиги ал кылмыш чөйрөсүндө эч кандай статусту ээлебейт деп эсептейт.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG