Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Казак коопсуздук комитети Токаевди өлтүрүүнү көздөгөн адам кармалганын билдирди


Казакстанда "чет элдик кызматтарга иштеген агент кармоо " учурунда тартылган сүрөт. 3-апрель, 2022-жыл.
Казакстанда "чет элдик кызматтарга иштеген агент кармоо " учурунда тартылган сүрөт. 3-апрель, 2022-жыл.

Казакстандын Коопсуздук комитети «чет элдик чалгын кызматынын агенти» кармалганын билдирди. Мекеменин сайтына чыккан маалыматка караганда, операция 25-мартта жүргүзүлгөн. Кармалган адам Казакстандын жараны болгон. Ага президент Касым-Жомарт-Токаевди жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүн "өлтүрүүнү көздөгөн" деген айып тагылууда.

Атайын кызмат билдиргендей, кармалган адам Казакстанда Орусияга каршы пропаганданы жайылтып, социалдык тармактарда тиешелүү материалдарды жайгаштыруу менен Москваны жек көргөндөрдүн санын көбөйтүүнү көздөгөн.

Маалыматка караганда, ал күнөөсүн моюнуна алган. Ал кайсы чет мамлекеттин кызыкчылыгына иштегени айтылган жок.

Жыл башында Казакстандагы кандуу башаламандык маалында кеминде 230 адам өлгөнү расмий айтылган. Бийлик аны «террорчулардын эл аралык тобу» уюштурганын билдиргени менен, эч кандай далилдерди келтирген эмес. Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилерине кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG