Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:10

Пакистанда президент парламентти таркатты


Пакистандагы оппозициядагы кыймылдардын мүчөлөрү. 3-апрель, 2022-жыл. Исламабад.
Пакистандагы оппозициядагы кыймылдардын мүчөлөрү. 3-апрель, 2022-жыл. Исламабад.

Пакистандын президенти Ариф Алви өкмөт башчы Имран Хандын кеңеши менен парламентти таркатты. Буга чейин оппозициячыл мыйзам чыгаруучулар Хандын кызматтан кетишин талап кылышкан.

3-апрелде жасаган телекайрылуусунда премьер-министр президентти улуттук парламентти жана төрт провинциянын кеңешин таркатууга чакырган.

Эми 90 күндүн ичинде шайлоо өтүшү керек. Буга чейин парламенттеги оппозиция Ханга ишенбөөчүлүк жарыялоо маселесин добушка коюуну сунуштаган. Бирок спикердин орун басары, бийликтеги партиянын өкүлү Касим Сури аны Конституцияга туура келбейт деген жүйө менен четке каккан.

Оппозициядагы Пакистан элдик партиясынын башчысы Билавал Бхутто Зардари Жогорку Сотко доо арыз менен кайрыларын билдирди. Имран Хан өзүнүн Орусия жана Кытай менен жылуу алакасынан улам "оппозицияны козутуп жатат" деп Вашингтонду айыптады. Американын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс бул дооматты четке какты.

Пакистан кезектеги экономикалык кризиске дуушар болуп, Эл аралык валюта корунан алты миллиард долларлык жардам күтүп жатат.

Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, 69 жаштагы Имран Хан бийликке 2018-жылы келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG