Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Украинанын Одесса шаары таңга жуук бомбаланды


Одессанын четиндеги айыл чабуулдан кийин. Иллюстрациялык сүрөт.
Одессанын четиндеги айыл чабуулдан кийин. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Кара деңиздин жээгиндеги Одесса шаарына жекшембинин таңында орус аскерлери сокку урду. Бул тууралуу украин Ички иштер министрлигинин өкүлү Антон Геращенко Telegram сайтында билдирди.

"Айрым райондордо өрт чыкты, орус учактарынын кээ бирлери жок кылынды",- деп жазды. Маалыматты Одесса шаардык кеңешинин Телеграм-каналы тастыктады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одессанын бомбаланышы тууралуу маалымат берген жок. Бирок аба күчтөрү Украинанын 28 аскер обьектисине чабуул койгонун билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский 2-апрелде Орусия аскерлерин Киев менен Черниговдон чыгарып кетип, өлкөнүн түштүк тарабынан "катуу чабуулга даярданып жатат" деп айткан.

Бул аралыкта орус-украин сүйлөшүүлөрүндөгү Орусия делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский сүйлөшүүлөр максатына жетпей, президенттер Зеленский менен Путиндин саммитине жол ача албай жатканын Telegram каналына жазды.

Мединскийдин айтымында, "Орусиянын Крым жана Донбасс боюнча позициясы өзгөрүүсүз калат".

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG