Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

Коронавирус 13 адамдан аныкталды, бир өмүрдү алып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада Кыргызстанда 13 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Вируска чалдыккандардын баары Бишкекте катталды. Башка аймактарда коронавирус менен ооругандар аныкталган жок.

Ушуну менен 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 200 968 адам COVID-19 вирусу менен ооруду. 196 243 адам сакайып чыкты.

3-апрелге карата коронавирустан Бишкекте бир адам каза болду. Илдеттен жалпы 2 991 адам көз жумду.

Ушул тапта 147 адам дарыланып жатат, алардын 57си үйлөрүндө, 90 адам бейтапканада. 6 адамдын абалы өтө оор, 32 бейтаптын абалы оор деп сыпатталууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG