Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

Май айында кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү катары менен эс алат. Ал эми 4-майдагы (шаршемби) жумушчу күн 30-апрелге (ишемби), 6-майдагы (жума) жумушчу 14-майга (ишемби) которулат.

Май айында Эмгекчилердин эл аралык күнү, Конституция күнү, Жеңиш майрамы бегиленет. Ошондой эле быйылкы Орозо айт дагы май айынынын башында болот. Анын датасы азырынча тактала элек.

Өлкөдө майрамдардын, даталуу эс алуу күндөрүнүн санын азайтуу сунушу маал-маалы менен айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG