Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29

Орусия талибдердин алгачкы дипломатын аккредитациядан өткөрдү


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусия Ооганстандагы "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттүн алгачкы дипломатын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 31-мартта Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын Кытайдын Туньси шаарында өткөн жыйынында билдирди. Ал талибдердин дипломаты Москвага февраль айында эле келгенин айтты.

"Биз эл аралык коомчулук Ооганстандын жаңы өкмөтү менен активдүү кызматташууга тийиш деп эсептейбиз", - деди Лавров.

Ал дүйнөлүк коомчулук "Талибан" өкмөтүн таанышы үчүн жаңы бийлик Ооганстандагы түрдүү саясий топтордун өкүлдөрүн өз курамына алышы керектигин кошумчалады.

"Талибан" кыймылы былтыр август айында Ооганстанда бийликти ээлеп алган. Бул кыймыл дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда жана Кыргызстанда да террорчул уюм деп таанылган. Октябрь айында орус президенти Владимир Путин Москва талибдерди террорчулардын тизмесинен чыгаруу багытында иш алып бара турганын айткан.

17-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ооганстан менен расмий байланыш түзүүгө макулдугун берген. Бирок дүйнөнүн бир катар мамлекеттери "Талибан" өкмөтүн Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги катары тааный элек. Батыш өлкөлөрү талибдер Ооганстанда өзгөчө кыз-келиндердин укуктарын чектеп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG