Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Британия: Орус күчтөрү Украинанын түндүгүнө сокку уруп жатат


Чернигов шаары, 4-март 2022-жыл.
Чернигов шаары, 4-март 2022-жыл.

Орусия Украинанын түндүгүндөгү Чернигов шаарына артиллериялык аткылоолорун жана ракета соккуларын улантты.

Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы 31-мартта Твиттер аркылуу билдирди. Британ тараптын маалыматына ылайык, алдыңкы күндөрү Киевдин айлана-тегерегиндеги конуштарда катуу кармаш болушу мүмкүн.

"Орусиялыктардын Черниговдун айланасында аскердик аракеттерин азайтууга ниет кылганы тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан орус күчтөрүнүн артиллериялык жана ракета соккулары уланды. Чектелүү сандагы айрым аскердик бөлүктөр чыгып кеткени менен орус күчтөрү Киевдин чыгышындагы жана батышындагы позицияларын ээлеп турат", - деп айтылат британ тараптын билдирүүсүндө.

Британ чалгын кызматы кошумчалагандай, 31-мартка караган түнү Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариуполдо катуу салгылаш уланды. Калаанын борбордук бөлүгүн украин күчтөрү көзөмөлдөп турат.

Орусиянын армиясы Украинанын түндүк аймактарындагы аскердик операциясын басаңдата турганын 29-мартта Стамбулда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин жарыялаган. Делегация өкүлдөрү бул сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылган. 30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергенин оң фактор катары баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG