Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Режиссёр Кирилл Серебренников Орусиядан чыгып кетти


Орусиялык режиссёр Кирилл Серебренников.
Орусиялык режиссёр Кирилл Серебренников.

Орусиялык режиссёр Кирилл Серебренников Францияга чыгып кетти. Бул тууралуу кино таануучу Жоэль Шапрон 29-мартта билдирип, "Фейсбуктагы" баракчасына Серебренниковдун Париждин Бастилия аянтында тартылган сүрөтүн жарыялады. Орус бийлигине сын көз караштагы режиссёрдун футболкасынан "Мен телевизорду өчүрдүм" деген жазууну көрүүгө болот.

28-мартта Москванын Хамовнический райондук соту Серебренниковдун шарттуу абак жазасын токтотуп, "ири суммадагы көз боёмочулук" беренеси боюнча соттуулугун жойгон. Сот өкүмдө белгиленген сыноо мөөнөтүнүн жарымы аяктаганын, режиссер айып пулду жана зыянды толук төлөп бергенин жүйө келтирген.

Соңку бир ай ичинде Москванын Украинага кол салышына каршылыгын билдирген көптөгөн искусство өкүлдөрү Орусиядан чыгып кетти.

"Гоголь борборунун" көркөм жетекчиси болуп иштеп келген жана "Жетинчи студияны" негиздеген Кирилл Серебренников "ири суммадагы акчаны кымырып алды" деген айып менен 2020-жылдын июнь айында үч жылга шарттуу кесилген. Ага 800 миң рубль айып пул салынган. Режиссёр өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG