Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Европанын төрт мамлекети орусиялык дипломаттарды чыгарарын жарыялады


29-мартта Нидерланд, Бельгия, Ирландия жана Чехия тыңчылыкка шектелген орус дипломаттарын чыгарарын билдиришти.

Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги тыңчылык кызматкерлеринин функцияларын аткарып жүргөн 17 орусиялык дипломат чыгарыларын билдирди.

«Себеби, дипломат катары аккредитациядан өткөн кызыкчылыгы бар адамдар жашыруун чалгын кызматкерлеринин ишин аткарып жүрүшкөн»,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Дипломаттар Нидерланддан эки жума ичинде чыгып кетиши керек. Тышкы иштер министри Вопке Хукстардын айтымында, алар мындай чечимди Нидерланддын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.

Жалпысынан Нидерландда 75 орусиялык дипломат аккредитациядан өткөн. Хукстар Орусия жооп чара кабыл алып, голландиялык дипломаттарды чыгарышы мүмкүн экенин боолгоду.

Ирландия өз чечимин орусиялык дипломаттардын иши эл аралык стандарттарга туура келбестиги менен түшүндүрдү. Чехиянын тышкы иштер министрлиги Твиттерге жазгандай, орус дипломаттарынын бири персона нон-грата катары жарыяланган жана ага өлкөдөн чыгып кетүүгө 72 саат берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG