Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:55

"Түндүк-Түштүк" автожолунун Жумгалдагы тилкесинин абалы талкууланды


Жумгалдагы жол. 2022-жылдын 29-марты.
Жумгалдагы жол. 2022-жылдын 29-марты.

Нарында Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгал районунун аймагы аркылуу өтүүчү айрым жерлериндеги көйгөйгө байланыштуу бүгүн 29-мартта жыйын өткөнүн “Нарын медиа борбору” кабарлады.

Маалыматка караганда, ылай аралаш жолдон өтүү көйгөйү курч болуп жаткан маселе Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында Нарын облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган жыйында айтылды. Анда жолдун начар абалы, чөгүп кеткен тилкелери тууралуу айтылып, ыкчам чара көрүү керектиги белгиленди.

Жыйынга Жумгал районунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, №24 жол тейлөө ишканасынын, “Чайна Рейлвэй”, “Чайна Роуд” башкы подрядчиктеринин өкүлдөрү, башка тиешелүү мекеме жетекчилери жана жарандык активисттер катышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG