Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Кыргыз жарандыгына өтүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар соңку эки жылда кескин көбөйгөнүн 29-мартта “Азаттыктын” эфиринде Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады.

Шүкүрбеков Кыргызстан башка өлкөнүн жарандыгын алган өз жарандарын каттоого алууну да көздөп жатканын кошумчалады:

“Эки жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу 50/50 болуп калган. Азыр 90% кабыл алуу, 10% чыгуу болуп жатат. Мисалы, Орусиядан жана башка жактардан чыгып, кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү тууралуу документтерин тапшырып жатышат. Жарлыктын негизинде жарандыктан чыгып кеткендер “Жок биз Кыргызстанда жашайбыз” деп кайра келип жатышат. “Башка жарандыкты каттоого алуу” деген норманы да киргизүүнү көздөп жатабыз. Бул норма аркылуу биздин канча жараныбыз Орусиянын же башка өлкөнүн паспорту менен жүргөнүн биле алабыз”.

Шүкүрбеков билдиргендей, жарандык маселеси боюнча мыйзамдын 6-беренесинде “башка жарандык” деген түшүнүк бар жана эгер жарандыгын берген башка өлкө мекениндеги каттоодон баш тартууну талап кылбаса кыргызстандыктар өз өлкөсүнүн да жараны болуп эсептеле берет.

Анын айтымында, мисалы, Германия жарандыгын өз өлкөсүнүн жарандыгынан расмий түрдө баш тартып, каттоодон чыккандарга гана берет.

Ал эми Орусия андай талап койбогон өлкө, андыктан, анын жарандыгын алгандар кыргыз жарандыгынан сөзсүз чыгуусу зарыл эмес.

Шүкүрбеков “башка жарандык” дегенден тышкары “кош жарандык” деген түшүнүк бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, кош жарандык кайсы бир өлкө менен атайын макулдашуу болсо гана берилет, Кыргызстанда бир да мамлекет менен андай келишим жок.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүргөнү, алардын көбү Орусияда экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG