Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 миллиондой доллар бөлүнөт


2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген.
2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта президенттик аппараттын кеңешмесинде билдирди.

"Жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталат. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын мобилизациялайт. Бул бизге кошумча 1000 МВт берип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт", - деди Жапаров.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында Камбар-Ата-1ди коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген. Буга чейин анын экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылай турганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG