Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

«Хейнекен» жана «Карлсберг» компаниялары Орусиядагы ишин токтотууда


Даниянын «Карлсберг» жана Нидерланддын «Хейнекен» сыра компаниялары Орусиядан толук кетерин 28-мартта жарыялашты. Буга Орусиянын Украинага согуш ачканы түрткү болгонун белгилешти.

«Хейнекен» ишканасы Орусиядагы бизнесин башка компанияга эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык өткөрүп берерин билдирди. Ошондой эле Орусиядагы 1800дөй кызматкерине жыл соңуна чейин айлык акы төлөп берерин кошумчалады.

Ал эми «Карлсберг» компаниясы согуш жана гуманитардык кризис баарын нес кылып жатканын билдирип, Орусиянын Украинага басып кирүүсүн айыптады.

Орусия Украинага 24-февралда согуш ачты.

Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту.

Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана парфюм даярдоочу Estee Lauder Companies, белгилүү McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka, Marks & Spencer, Mango, H&M жана башкалар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG