Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов көз жумду


Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов.
Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов.

Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов 84 жашында Бакуда көз жумду. Ал бийликке келгенден бир жыл өтпөй 1992-жылы кулатылып, Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал жакта жыйырма жылдай жашаган.

Муталипов 1990-жылы республикалык компартиянын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына шайланган. Ошол эле жылы Азербайжандын Жогорку Кеңеши Муталибовду СССРдин курамындагы республиканынын президенттигине шайлаган. Өлкө эгемендикке жеткенден кийин өткөрүлгөн шайлоодо ал жалгыз кандидат болуп, утуп чыккан.

1991-жылы Азербайжан Тоолуу Карабактагы согушта жеңилгенден кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Азербайжанда ага бир нече кылмыш иши козголгон.

2012-жылы ал саясаттан кеткенин айтып, мекенине кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG