Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Депутат кырсык болгон имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди


Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкек шаарында бир жак капталындагы дубалы ураган имаратты куруп жаткан компанияга тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына "KG Восток Сервистин” негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып аны өткөрүп бергенин билдирди.

"Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга баардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз",-деп жазды депутат.

Жекшембиге караган түнү Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анда үч адам жаракат алганын кабарлаган. Учурда териштирип-иликтөө иштери уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG