Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткарат


Бакыт Төрөбаев жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.
Бакыт Төрөбаев жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотту.

Президенттин басма сөз кызматы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилгенин билдирди.

Парламент анын талапкерлигин качан карары азырынча белгисиз.

Айрым маалыматтарга ылайык, Аалиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгына барат.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG