Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Аба ырайы: Жаан, кар жаайт


Кыргызстандын тоолору. Февраль, 2022-жыл.
Кыргызстандын тоолору. Февраль, 2022-жыл.

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-мартта өрөөндөрдө маал-маалы менен жамгыр, бир катар аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо, ашууларда жолдор тайгак болот.

Кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14;

Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-15, күндүз -2…-7 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте түнкүсүн жамгыр себелейт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 11…13° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG