Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушу тапта жолдогу кар тазаланып, кум төгүлүүдө.

Буга чейин Өтмөк ашуусунда да жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чек коюлган.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, машинелер ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG