Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Москва Тоолуу Карабактагы орус аскерлерин Азербайжан тарап аткылаганын маалымдады


Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.

Орусиянын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабактагы орус аскерлери кайтарып турган аймакка Азербайжандын куралдуу күчтөрү басып кирип, аткылаганын маалымдады. Мекеменин билдирүүсүндө алар "Байрактар ТБ-2" тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу төрт жолу атышкан.

ТАСС агенттиги жазгандай, Коргоо министрлиги муну Орусиянын, Армениянын жана Азербайжандын лидерлеринин ортосундагы 2020-жылдын 9-ноябрындагы үч тараптуу келишимин бузуу катары баалады. Азербайжан тарап бул боюнча комментарий бере элек.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги 25-мартта билдирүү таратып, Азербайжан Тоолуу Карабактагы “Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн жоопкерчилигине караган аймакка басып киргенин” билдирген.

“Азаттыктын” армян кызматы кызматы жазгандай, министрлик “24-мартта Парухтагы кагылыштан улам Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынын эки жоокери каза болгонун” маалымдаган. Армян тарап азербайжан аскерлери учкучсуз учактар, анын ичинде түркиялык өндүрүштөгү Bayraktar TB-2 аппараттары менен чабуул жасаганын билдирүүдө.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, Армения “эл аралык коомчулукту адаштыруу үчүн туура эмес маалымат таратып жатат” деп айыптады.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Бул келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникалардан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG