Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Украин бийлиги орус аскерлери 5 миңдей турак жайды жок кылганын маалымдады


Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан талкаланган Мариуполдогу турак жай.
Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан талкаланган Мариуполдогу турак жай.

Украинанын аймагына кол салгандан бери орус аскерлери 4500дөй үйдү, 100гө жакын ишканалардын имаратын, 400дөй билим берүү жана 150дөй саламаттык сактоо мекемесин жок кылышты. Бул тууралуу Украинанын аймактарды жана жамааттарды өнүктүрүү министри Алексей Чернышев атайын брифинг учурунда билдирди.

Министр инфратүзүмгө келтирилген чыгымдын акыркы эсеби согуштук аракеттер токтогондон кийин жана миналар тазалангандан кийин чыгарыларын тактады.

Алексей Чернышев өкмөт Украинаны калыбына келтирүү планынын үстүнөн иштеп жатканын, иш ок атышуу токтотулганына карап баштала турганын кошумчалады.

Украинанын өкмөтү 15-мартка карата Орусия баштаган согуштун чыгымы 565 млрд. долларга жеткенин маалымдаган. 25-мартта Европа Биримдигинин лидерлеринин кезексиз саммитинде Украинаны калыбына келтирүүгө тилектештик фондун түзгөнүн, уюмга кирген өлкөлөр согуштан кийин аракеттерди баштай турганын маалымдашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Толук бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG